Садыр Жапаров Жидда шаарындагы саммитте тажрыйба алмашуу боюнча сунуш айтты
RU

Садыр Жапаров Жидда шаарындагы саммитте тажрыйба алмашуу боюнча сунуш айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жидда шаарында "Борбор Азия - Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши" аталышындагы мамлекет башчыларынын биринчи саммити 19-июлда болду. Анда Садыр Жапаров турмуштук маанилүү тармактар боюнча сунушун айтты деп кабарлайт президенттин администрациясынан.

Иш-чара Борбор Азия жана араб мамлекеттеринин лидерлерин, делегация башчыларын тосуп алуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи менен башталды.

Саммит Сауд Арабиясынын мураскер ханзадасы Мухаммед бин Салман Аль Сауддун төрагалыгы астында өттү.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө региондор аралык кызматташтыкты жана энергетика, инфраструктура, айыл чарба, транспорт, саламаттыкты сактоо, туризм, санариптештирүү жана инновация сыяктуу турмуштук маанилүү тармактарда тажрыйба алмашууну активдүү алдыга жылдырууну сунуштады.

Саммиттин жыйынтыгы боюнча мамлекет башчылары жана делегациялар биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13518