Токмокто секелекти зордуктоого айыпталган шектүү 15 жылга эркинен ажырады
RU

Токмокто секелекти зордуктоого айыпталган шектүү 15 жылга эркинен ажырады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облустук соту 13 жашар кызды зордуктоого айыпталган адамды 15 жылга эркинен ажыраткан Токмок шаардык сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, Токмок шаарында беш жылдан бери 13 жашар кыздын зордукталышы боюнча иш аягына чыкпай келе жаткан.

Окуя 2017-жылы 13 жаштагы кыз боюнда болуп калгандан кийин белгилүү болгон. Аны 21 жаштагы кошунасы зордуктап жүргөн деп шектелген. Кийин шектүү "тукумсуз" деп бир канча жолу ДНК экспертизалар жүргүзүлгөн. Бул убакытты ичинде секелек кыз төрөп, ошондон кийин гана шектүү баланын биологиялык атасы экени тастыкталган.

Андан соң 2021-жылы гана Токмок шаардык соту шектүүнү "зордуктоо" үчүн 15 жылга эркинен ажыраткан.

Башкы беттеги сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13533