Кыргызстанда тоют аз. Өкмөт быйыл да жем-чөп экспорттоого тыюу салат
RU

Кыргызстанда тоют аз. Өкмөт быйыл да жем-чөп экспорттоого тыюу салат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда тоют аз болгонуна байланыштуу чет өлкөгө жем-чөп сатууга тыюу салынат. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Министрлер кабинетинин жыйынында маалымдады.

Анын айтымында, быйыл өлкөдө тоют былтыркыдан 30 пайызга аз.

"Тоюттун бардык түрлөрүн экспорттоого чектөө киргизебиз, азыр токтом долбоорун даярдап койдук. Былтыр да ушундай чектөө койгонбуз. Ал эми Кыргызстанга импорттолуп келе турган тоюттарга жеңилдиктерди берүү боюнча Экономика министрлиги менен сүйлөшүп жатабыз", - деди Жаныбеков.

Мындан сырткары министр облустарга жем чыгаруучу заводдорду "Айыл банктын" каржылоосу менен курууну пландап жатканын айтты. Бирок ал бир жылда ишке ашпай турганын эскертти.

Маалыматтар менен таанышкан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мал чарба менен алектенгендер айласы кетип, малын сатууга аргасыз болбогондой шарт түзүү талабын айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13534