Кемпир-Абад окуясы. Сегиз айыпталуучу камакта калды
RU

Кемпир-Абад окуясы. Сегиз айыпталуучу камакта калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 20-июлда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетин түзгөн оппозициячыл саясатчыларга, активисттерге жана журналисттерге козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өттү.

Соттук коллегия адвокаттардын сегиз айыпталуучуга карата баш коргоо чарасын эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган бир баш коргоо чарасына өзгөртүү боюнча арызын карады. Сот соңунда баарын камакта калтырууну чечти.

Учурда камакта 14 адам: Акылбек Айтбаев, Айданбек Акматов, Бектур Асанов, Марат Баязов, Азимбек Бекназаров, Эрлан Бекчороев, Айбек Бузурманкулов, Кенешбек Дуйшебаев, Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Темир Махмудов, Жениш Молдокматов, Али Шабдан жана Илгиз Шаменов.

****

Октябрь айында Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо боюнча комитет түзүлгөн. Андан кийин массалык баш аламандыктарды даярдоого байланыштуу массалык камакка алуулар жүргүзүлгөн.

Бул иш боюнча иш козголгондор:

  • Мамбетжунус Абылов - үй камагында.
  • Акылбек Айтбаев - СИЗОдо.
  • Айданбек Акматов - СИЗОдо.
  • Нурлан Асанбеков - үй камагында.
  • Бектур Асанов - СИЗОдо.
  • Марат Баязов - СИЗОдо.
  • Атай Бейшенбек - үй камагында.
  • Азимбек Бекназаров - СИЗОдо.
  • Эрлан Бекчороев - СИЗОдо.
  • Айбек Бузурманкулов - СИЗОдо.
  • Гульнара Джурабаева - үй камагында.
  • Кенешбек Дуйшебаев - СИЗОдо.
  • Равшан Жээнбеков - СИЗОдо.
  • Кубанычбек Кадыров - СИЗОдо.
  • Рита Карасартова - үй камагында.
  • Чынгыз Капаров - үй камагында.
  • Таалайбек Мадеминов - үй камагында.
  • Улукбек Маматаев - үй камагында
  • Темир Махмудов - үй камагында.
  • Жениш Молдокматов - СИЗОдо.
  • Орозайым Нарматова - үй камагында.
  • Асия Сасыкбаева - үй камагында.
  • Клара Сооронкулова - үй камагында.
  • Перизат Суранова - үй камагында.
  • Али Шабдан - СИЗОдо, кошумча айып тагылууда.
  • Илгиз Шаменов - СИЗОдо, жаңы айыптар тагылдуу.
  • Талант Эшалиев - башынан бери үй камагында.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13539