Жалал-Абадда массалык мушташ. Милицияга жеткирилгендер арыз жазуудан баш тартышты
RU

Жалал-Абадда массалык мушташ. Милицияга жеткирилгендер арыз жазуудан баш тартышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абаддагы массалык мушташ боюнча милицияга алып келингендердин бири да арыз жазган эмес. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Белгиленгендей, 2-июль күнү саат 20:20 чамасында милицияга шаардагы супермаркеттердин биринин жанында массалык мушташ болгону тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты катталып, шектүүлөрдү издөө иштери башталган. Бул боюнча 20-21 жаштардагы он жигит кармалган.

Алардын баары РИИБге жеткирилип, тергөө иштери башталган.

Маалым болгондой, мушташуу тааныштардын ортосундагы оозеки чатактан улам чыккан. Бирок милиция бөлүмүнө алынып келинген мушташтын бардык катышуучулары ички иштер органдарына арыз жазуудан баш тартышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13541