Прокуратура "Тазалыктын" мурдагы жетекчисине иш козгоду
RU

Прокуратура "Тазалыктын" мурдагы жетекчисине иш козгоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу "Тазалык" муниципалдык ишканасына 5 даана атайын техникаларды сатып алууда мыйзамсыз келишим түзүлгөндүгү аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.

Анда ишкананын тендердик комиссиясы орточо базар бааларын изилдебестен жана реалдуу бааны аныктабастан, 2022-жылдын сентябрь айында "Г" ЖЧКсы менен 5 даана атайын техникаларды сатып алууга келишимди түзүү боюнча чечим кабыл алган. Бирок, аталган коом келишим түзүүдөн баш тарткандыгына карабастан, "Тазалык" ишканасы ага 466 миң сомдук сунуштун кепилдик камсыздоосун мыйзамсыз кайтарып бергени айтылат.

"Ал эми, 2022-жылдын 5-октябрында "Тазалыктын" мурдагы директору К.Н. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып атайын техникаларды "K" ЖЧКсынан 4 млн 573 миң сомго жогорулатылган баа менен мыйзамсыз сатып алган.

Натыйжада, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө 8 млн 49 миң 500 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 339-беренеси ("Билип туруп пайдасыз келишим түзүү") менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13543