Эдил Байсалов Илон Масктын компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү
2360
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов америкалык SpaceX (Space Exploration Technologies Corporation) компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул туурасында Министрлер кабинетинен маалымдады.
Жолугушууда тараптар Кыргызстанда Starlink спутниктик интернет системасына кирүүнү ачуу маселелерин талкуулашты.
slide 3 of 2
Жыйынтыгында Эдил Байсалов Кыргыз Республикасы Starlink компаниясына өлкө боюнча маалыматтарды берүү кызматына лицензия берүүгө даяр экендигин билдирди.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/13549