"Экс-президент таарынган". Айгерим Расул кызынан кечирим сураган комикессанын маеги
RU

"Экс-президент таарынган". Айгерим Расул кызынан кечирим сураган комикессанын маеги

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармакка ырчылар Айгерим Расул кызы, Анжелика Кайратова жана депутаттар жөнүндө тамаша чыккан. Бул тамаша көпчүлүктү күлкүгө бөлөп, кызуу талкууга алынды.

Көп өтпөй эле стендап-комикесса Назгүл Аилчинованын ырчы Айгерим Расул кызынан кечирим сураган видеосу чыкты. Мындан улам бул тамашанын айланасында Kaktus.kg редакциясы Назгүл айым менен маектешти.

Назгүл Аилчинова - 4 баланын энеси, үй кожойкеси, стэндап-комикесса. Stand Up Comedy Bishkek резиденти, россиялык "Comedy баттл" шоусунун катышуучусу.

Юмор чөйрөсүнө келип калуусу

2017-жылдан бери юмор жаатында жүрөм. Жашоодо өтө тамашакөй адаммын. Досторубуз, аяштарыбыз "тиги Comedy Club`га эле барбайсыңбы" дей беришчү. Ошол учурда Кыргызстандагы Stand Up Tengri кыймылына Facebook аркылуу "барсам болобу?" деп жаздым. Алар "келе бериңиз" дешти. Коркуп барсам күлүп-жайнап тосуп алышты, ушул нерсе күч-кубат берди окшойт. Чынында күткөн эмесмин. Ошол убакытты эстеп калыптырмын: 2017-жылдын 17-февралы болчу, биринчи жолу эл алдына чыккам.

Эл алдында айткан алгачкы тамашасы

Биринчи чыкканда эле тамашам жакшы болгон. Элге аябай жагып, ошондон улам юмор тартуулоону улантып калдым. Эгер биринчисинде эле начар болсо, кийинкиде коркуп барбай коймокмун. Эл алдында айткан биринчи тамашам орус тилинде болгон. Анда "Энесин көрүп, кызын ал. А мен атама окшошмун" дегем. Ошол видео жакшы көрүү топтогон. Дегеле бардык тамашаларым эсимде.

"Бум" жараткан акыркы юмору

Депутаттарды баары эле билишет, шайлоого чейин эмнелерди гана айтпайт. Ал эми эки айымдын соцтармактагы баракчаларынын каттулуучусу деле эмесмин, эмне кылып жатат ишим деле жок. Facebook деген "балээ" бар эмеспи, ошол жактан "күйөөгө тийгени жатыптыр, мынтип жатыптыр" деген жаңылыктарды окуп калам. Дагы бир айымдын видеосу чыгып, "Жакшынакай болуп калыптыр. Өзүнүкүбү, өзүнүкү эмеспи?", "шенем, ишенбейм" деген талкууну окуп калдым. Негизи Facebook`та "эксперттер" көп го: таролог, уролог, жизнеолог... Ушунун баары мээге жазылып кала берет. Бир күнү Мыкы (ред.:Мыктыбек Мукаев) Jay арт-кафесине чакырып калды. Үйдө жөн отурбай барайын, кыргызча да тамаша айтып чыгайын, кыргыз тилин билем го деп баргам. Анда айткан тамашам атайын даярдалган эмес. Таарынтайын деген оюм болгон эмес.

Айгерим Расул кызынан кечирим сураганы

Видеону Мыкы "интернетке чыгара берейинби" дегенинен макул деп койгом. Мен видеолорду эч жакка деле чыгарбайм, кызыкпайм андайга. Өзүм тамашкөй кишимин, бул юморду көргөндө жөн эле күлүп коёт го деп ойлогом. Бирок мен ишенбейм деген үчүнчү адамдан Мыкыга чалышыптыр, кафеге да барышыптыр. Мыкы видеону өчүргөн. Бирок тарап кетти да.

Мыкы айтыптыр, кечирим сураса ого бетер бул тема ырбап кетет, унчукпай койсо унутулуп калат деп. 10 күндөн кийин Мыкы чалып "Назгүл эже кечирим сурап койбосоңуз болбой калды" деди. Кечирим сурагандан колу-бутубуз түшүп калбайт деп кечирим сурадым. Балким, чындап эле таарынып калды же элдин баары сөз кылса жылдыздарга жагат эмеспи, кара пиар болду дегендей...

Өзүмө түз байланышкан жок, номеримди бербей эле кой дегем Мыкыга. Анткени эмоцианалдуу адаммын, түшүндүргөнгө аракет кылам. Кандай киши чалат ким билет, анча-мынча катуу сүйлөсө мен да ошондой жооп кылам. Мыкы дагы "ал эжеге чалбай эле койгула, отуруп чыккан" деп койдум деп тамашалайт.

Сооронбай Жээнбековду таарынтып алгам

Сооронбай Жээнбековду аябай таарынтып алыптырмын, УКМКга чейин баргам. Ал кезде Сооронбай Шарипович президент болчу. Бир клипке адамдардын бетин коюп койгон тренд болгон, ошого президенттин жүзүн коюп койгом. Негизи мага жаккан, менин деле бетимди ошентип коюп коюшса сүйүнмөкмүн. Ошого таарынып, УКМКга барып, түшүнүк кат жазгам. Видео аркылуу кечирим сураган эмесмин. Айгерим Расул кызы айым болуп жатпайбы...

УКМКга чакырганда коркком. Түшүнбөй да калдым. Баргандан кийин жакшы мамиле жасашып, коркутпай, үркүтпөй, "антпей эле койсоңуз болмок" деп шоколад, суу беришти. Ошондон улам корккон жокмун. Эгерде кинодогудай кылып коркутушса сестенмекмин. Мен дагы "элдин коопсуздугун камсыздайсыңар да, анан Facebook`тагы бир аялды карап отурасыңарбы" десем, кызматкерлер деле күлүп коюшту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13558