Казакстанда кыздарынын көз алдында жанын кыйган кыргызстандык келин тууралуу маалымат
RU

Казакстанда кыздарынын көз алдында жанын кыйган кыргызстандык келин тууралуу маалымат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстанда 29 жаштагы кыргызстандык келин кыздарынын көз алдында өз жанын кыйган. Окуя Алматынын Мамыр конушунда 20-июлда кечинде болгонун казак басылмалары жазып чыгышкан.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги маркум тууралуу маалымат берди.

Алматы шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугунун кызмактерлери окуя болгон жерге барышкан. Казакстандын компетенттүү органдарынын маалыматы боюнча, кырсыкка учураган Б. кызы А. 1994-жылы туулган, теги Кыргызстандын Ош облусунан болгон. Келин 2021-жылы Кыргызстандын жарандыгынан чыккан жана Казакстандын жаранына турмушка чыккан.

Көмөк көрсөтүү максатында Алматы шаарындагы кыргыз диаспоранын жетекчисине маркумдун жакындарына кабар берүү үчүн маалымат жеткирилген.

Казакстандын укук коргоо органдары бул фактыны Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен реестрге катталган.

Башкы беттеги сүрөт: Tengrinews.kz.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13566