Бишкек-Ош жолунда үрөй учурган кырсык катталып, айдоочу менен жүргүнчү каза тапты
RU

Бишкек-Ош жолунда үрөй учурган кырсык катталып, айдоочу менен жүргүнчү каза тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек-Ош жолунун Чычкан капчыгайында унаа ташыган транспорттун катышуусунда жол кырсыгы катталды. Маалыматты Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан Kaktus.kg сайтына ырасташты.

Автокырсык бүгүн, 22-июлда болжол менен саат 06:30 чамасында катталды. Алдын ала маалыматтар боюнча, айдоочу уктап кеткен. Кырсыктын кесепетинен тралдын айдоочусу менен жүргүнчү көз жумду.

Азыркы учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери жана башка чоо-жайы такталып жатканын билдиришти башкармалыктан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13567