Тай-Мурас Ташиевдин таанышымын деп аскер кызматкерлерин коркуткан жаран кармалды. Видео
RU

Тай-Мурас Ташиевдин таанышымын деп аскер кызматкерлерин коркуткан жаран кармалды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тай-Мурас Ташиевдин таанышымын деп мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Такталгандай, 22-июлга караган түнү саат 02:30 чамасында "Актилек-автодорожный" өткөрүү пункту аркылуу Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу баш ийбей, өткөрүү пунктунун аймагынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган.

Унаа токтотулуп, айдоочуну кармоо учурунда С.А.Э. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Камчыбековичтин таанышы болом деп аскер кызматкерлерин коркуткан.

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү) менен кылмыш иши козголду.

Айдоочу УКМКнын СИЗОсунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13573