Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги ресторандардын бириндеги тойдо байкалды
RU

Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги ресторандардын бириндеги тойдо байкалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбековду Бишкекте коомдук иш-чарада көрүп калышты. Социалдык тармактарда анын тойдо сүйлөп жаткан видеосу тарады.

Алдын ала маалымат боюнча, видео бир нече күн мурун тартылган. Жайдын ички жасалгасына караганда, "Улуу Тоо. Банкет залы" ресторанында болгон. Сөз учурунда экс-президент алыскы тууганын куттуктап, кудаларга да кайрылып, буга байланыштуу экс-президент кыз узатууда же үйлөнүү -үлпөт тойдо болгон деген тыянак чыгарууга болот.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков президенттиктен кеткенден кийин ар кандай пиарлардан, өзгөчө коомдук иш-чаралардан, журналисттер менен байланышуудан, ошондой эле ар кандай интервьюлардан качууга аракет кылат. Анда-санда гана экс-президент катары президент Садыр Жапаров менен болгон иш-чараларга катышып, Фейсбук баракчасында Кыргызстан элин ар кандай майрамдары менен куттуктап келет. Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын экс-президенттеринин ушул жылдын февраль айында Дубайда өткөн жолугушуусу боюнча комментарий бергени гана өзгөчө болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13583