Казакстан менен Өзбекстан 2034-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүшү мүмкүн
RU

Казакстан менен Өзбекстан 2034-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүшү мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстан менен Өзбекстан 2034-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу championat.asia сайты билдирди.

Маалым болгондой, 20-июлда Борбор Азиядагы түрк тилдүү мамлекеттердин футбол ассоциацияларынын жетекчилеринин катышуусунда саммит өткөн. Бул жыйында Казакстандын футбол федерациясынын жетекчиси Адилет Барменкулов 2034-жылы Өзбекстан менен биргеликте дүйнө чемпионатын өткөрүү демилгесин көтөрдү. Саммитке Өзбекстандын футбол ассоциациясынын биринчи вице-президенти Равшан Эрматов да катышты.

Белгилей кетсек, 2034-жылы өтүүчү дүйнөлүк чемпионатты өткөрүүгө арыз берүү процесси али баштала элек. Анткен менен дүйнөлүк чемпионатты өткөрүү үчүн айрым сунуштар буга чейин эле берилген. Кыязы, дүйнө биринчилиги боло турган өдкө 2027-жылы тандалат. Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин Ассоциациясы, Египет, Зимбабве турнирге катышууга даяр экендиктерин билдиришти, ал эми Жаңы Зеландия менен Австралия арыздарды чогуу тапшырууну пландаштырууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13586