Дүйнөлүк сүрөтчүлөр уюмунун мүчөлөрү Кыргызстандын 500дөн ашык жерлерин сүрөткө түшүрдү
RU

Дүйнөлүк сүрөтчүлөр уюмунун мүчөлөрү Кыргызстандын 500дөн ашык жерлерин сүрөткө түшүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын туризм дараметин дүйнө жүзүнө жайылтуу үчүн 56 фотограф-сүрөтчү иш алып барды. Туризм департаментинен билдиришкендей, 15-июлдан 22-июлга чейин дүйнөлүк сүрөтчүлөр уюмунун мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын аймактарынын кыдырып, сүрөткө тартышты.

Жалпы 8 күн аралыгында алар "Кырчын", "Суусамыр" жайлоосу жана "Бурана" мунарасы сыяктуу тарыхый жайлар менен биргеликте кыргыздардын көчмөн жашоосун чагылдырышкан. Иран, Кувейт, АКШ, Германия, Греция сыяктуу 19 өлкөдөн жалпы 56 сүрөтчү-фотограф келишкен. Сүрөтчүлөр саякаттоо учурунда Кыргызстандын 500дөн ашык ажайып кооз жерлерин сүрөткө түшүргөн жана ал сүрөттөр туристтердин саякаттоо кызыгуусун арттыруу максатында дүйнөнүн булуң-бурчуна таратылаарын маалымдашкан.

Сүрөтчүлөр менен Туризм департаментинин директору С. Шатманов дүйнөлүк жолугушуп, конокторго жасаган эмгектери үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүдө жасалып жаткан иш-аракеттер тууралу айтып берди.

Ошондой эле, туристтик маркетингдик иш-чараларды өткөрүүдө мындан ары да тыгыз кызматташууга чакырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13589