Тууганынын паспорту менен Россиянын аймагында жашынып жүргөн кримавторитет кармалды
RU

Тууганынын паспорту менен Россиянын аймагында жашынып жүргөн кримавторитет кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн кыргыз жараны Москвада тууганынын паспортун колдонуп жүргөнү аныкталды. ИИМдин маалыматына караганда, кармалган жаранга 8 жыл мурда издөө жарыяланган.

Кылмыш жасап, 8 жылдан ашык убакыттан бери издөөдө жүргөн жаран 20-июлда Москва шаарында кармалды. Ал мурда бир нече жолу соттолгон жана крим чөйрөдө аты бар Баткен облусунун 1983-жылы туулган Б.С. аттуу тургуну.

Ага карата 2015-жылдын март айында Ош облусунун Араван РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренесинин 2-бөлүгү (адам уурдоо), 125-беренесинин 2-бөлүгү (мыйзамсыз эркинен ажыратуу), 170-беренесинин 2-бөлүгү (опузалап талап кылуу) менен иш козголуп, июнь айында мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.

Шектүү жаран 8 жылдан бери Москва шаарынын аймагында тууганынын паспортун пайдаланып жашынып жүргөнү аныкталган.

Кылмыш тууралуу:

Ал 2009-жылдын жай айларында Ош облусунун Араван районунун аймагында анын шериктери – криминалдык элементтер менен бирге курал колдонуп, 33 жаштагы жаранды күч менен унаага салып, алып кетишкен. Жабырлануучуну тоолуу аймакта, андан кийин Бишкек шаарында мыйзамсыз кармап, зордук-зомбулук көрсөтүп, ири өлчөмдөгү 100 миң долларын талап кылып алышкан.

Жабырлануучу бир нече жылдан кийин ички иштер органдарына кайрылган. Кылмыштын башка шериктери мурда кармалып, сот жообуна тартылышкан. Учурда Б.С`ны экстрадициялоо маселеси 1993-жылкы Минск конвенциясына ылайык чечилүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13591