Бүгүндөн баштап Бишкек-Ош унаа жолу 10 сааттан жабылып турат
RU

Бүгүндөн баштап Бишкек-Ош унаа жолу 10 сааттан жабылып турат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Төө-Ашуудагы" тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштерине байланыштуу жол 10 саатка чейин жабылат. Маалыматты "Кыргызавтожол" ишканасынан кабарлайт.

Маалым болгондой, 26-июлдан баштап 6-августка чейин бардык унаалар үчүн каттам чектелет.

Сосновка өткөрүү пункту тарабынан:

  • Оор жүк ташуучу унаалар үчүн - түнкү саат 03:00дөн баштап 16:00гө чейин;
  • Жеңил унаалар үчүн - эртең мененки саат 06:00дөн баштап 16:00гө чейин жабылат.

Ал эми борбор калааны көздөй - Бишкек-Ош унаа жолунун 144-чакырымынан (Суусамыр өрөөнү):

  • Оор жүк ташуучу унаалар үчүн - эртең менен 05:00дөн баштап 16:00гө чейин;
  • Жеңил унаалар үчүн - эртең мененки саат 06:00дөн баштап 16:00гө чейин жабык болот.

Бул күндөрү тоннелдин 2510 метр жолу толугу менен асфальтталат. Убактылуу жаралган ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз.

Белгилей кетсек, тоннель 2000-жылдары оңдоп-түзөөдөн өткөн. Бүгүнкү күнгө дейре тоннелдин электр чубалгылары толук алмаштырылып, прожекторлору орнотулду. Ошондой эле, актоо процесси аяктап, тоннелдин бетон плиталарын алмаштыруу жумуштары жана эски асфальтты сыйрып тазалоо иштери жүрдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13600