Садыр Жапаров: окубай туруп эч ким айдоочулук күбөлүк ала албайт
RU

Садыр Жапаров: окубай туруп эч ким айдоочулук күбөлүк ала албайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Мындан ары окубай туруп эч ким айдоочулук күбөлүк ала алышпайт". Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп жатып билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, жол кырсыктардын көпчүлүгүнө айдоочулар күнөөлүү болуп жатат.

"Тапшырмалар берилген. МАИлер иштеп жатышат. Түшүндүрүү иштери да жүрүп жатат. Бирок авариялардын көп катталуусунун биринчи себеби айдоочуларда. Акыркы 20-30 жылда көпчүлүгү окубай туруп эле айдоочулук күбөлүк сатып алгандар. Эрежени сакташпайт. Жол белгилерин билишпейт. Азыр рейд өткөрүп четинен сурап көрсөк, дээрлик 90 пайыз айдоочулар жооп бере алышпайт. Бул проблеманы чечиш үчүн эки жылдан бери катуу иш жүрүп жатат. Мындан ары окубай туруп эч ким айдоочулук күбөлүк ала алышпайт. Окуп, жол эрежесине байланыштуу толук жооп бергенден кийин гана айдоочулук күбөлүк берилет. Жооп бере албаса экзамен тапшырып жүрө беришет", - деди президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13603