Бишкектин автопаркындагы 300 даана эски автобустар сатылды
"Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын" базасындагы эски автобустар сатылды. Учурда муниципалдык ишкананын базасында газ менен жүрүүчү жаңы автобустардын келишине даярдоо иштери кызуу жүрүүдө дешет мэриядан.
Ишкананын базасындагы 300 даана эски Ясин автобустары сатылды. Эски автобустардан чыккан таштандыларды чыгаруу иштери жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти менен биргеликте Исакеев көчөсүндөгү жеңил конструкцияны бузуу иштери жүрүп жатат. Бул аймакты бузуп, өткөрүп берүү менен ишкананын аймагы 1,7 га кеңейет.
Ишкананын жумушчуларына, автобус оңдоочуларына (слесарларга) ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, өндүрүштүк имаратты оңдоо, чатырын алмаштыруу иштери ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлөт", - деп айтылат маалыматта.