Ишкерди өлтүрүүгө шектелип ата, балдар кармалды
RU

Ишкерди өлтүрүүгө шектелип ата, балдар кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бизнесменди өлтүрүүгө шектелип эки баласы менен атасы кармалды. Бул туурасында Kaktus.media сайтына күч түзүмдөрүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, адам өлтүрүүгө шектелген ата жана анын эки баласы 24-июлда Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалды.

Өздүк булактар белгилегендей, каза болгон ишкер бир аптадан бери дайынсыз болуп жаткандардын тизмесинде турган.

Алдын ала маалымат боюнча, кылмыш акчанын айынан улам келип чыккан.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13622