Бишкек-Чолпон-Ата багыты боюнча автобустардын, маршруттук таксилердин саны көбөйдү
RU

Бишкек-Чолпон-Ата багыты боюнча автобустардын, маршруттук таксилердин саны көбөйдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынан Ысык-Көл облусуна каттаган жарандардын жана туристтердин саны көбөйүүдө. Мындан улам Бишкек-Чолпон-Ата багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташууга кошумча транспорттор даярдалды дешет Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан.

Бишкектеги автобекеттерде Ысык-Көлгө каттаган жеңил унаалардын жана маршруттук унаалардын жетишсиздиги байкалды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы дагы кошумча маршрттук унааларды уюштуруп, жүргүнчү ташуучу фирмалардан 20га жакын маршруттук унааларды жана 8 автобустарды алып, Бишкек-Чолпон-Ата каттамына киргизишти.

Каттамга чыккан айдоочулардын кан басымы текшерилип, унаалардын техникалык абалдары көзөмөлдөнүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13625