Ноокенде жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө шектелген 4 чиновник кармалды
RU

Ноокенде жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө шектелген 4 чиновник кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда кызмат адамдары тарабынан жер тилкелери мыйзамсыз берилгени аныкталды. УКМКнын маалыматында айтылгандай, кылмышка шектелип 4 кызматкер кармалды.

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Ноокен районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жасалма чечимдери менен жер тилкелерин мыйзамсыз берүү боюнча көптөгөн фактылар, ошондой эле айыл чарба багытындагы жерлерге трансформациялоосуз жеке турак жай куруу үчүн шаар куруу жана укук белгилөөчү документтерди мыйзамсыз берүү фактылары такталды.

Бул факты боюнча 21-июлда жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалынын директору М.Ж.И., "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалынын жерге жайгаштыруу боюнча адиси М.Р.А., Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн адиси Т.Б.А. жана Ноокен айыл аймагынын мурдагы башчысы Э.Ж.Н. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда жогорудагы мыйзамсыз аракеттерди жасоого башка кызмат адамдарынын катыштыгын аныктоого багытталган комплекстүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13628