Бала бакчада тарбиячылар уктабайм деген кыздын колуна ийне сайып чачын жулушкан
RU

Бала бакчада тарбиячылар уктабайм деген кыздын колуна ийне сайып чачын жулушкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарындагы бала бакчада тарбиячылар уктабайм деген кызды уруп, укол саябыз деп коркутушуп, колуна ийне сайышкан. Бул тууралуу Instagram'га mirzaeva_b_ атту колдонуучу жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, 5-апрелде Бегимай ал өзүнун беш жаштагы кызын "Жасмин" деген менчик бакчага алып барган. Кечинде, саат 16:00до бакчадан телефон чалып, кызы уктабайм дегенинен аны укол менен коркутушканын, байкабай колуна ийне сайып алышканын айтышкан.

"Күйөөм барып, кызыбызды алып кетти, заведущийге кирип, түшүнүктүу жооп ала албаптыр. Андан кийин мен өзүм кызымды көрдүм. Чачтары жулунуп, башы көгала болуп канталап калган, айрым жерлери сыйрылган, колунда ийне сайгандын издери калган", - дейт кыздын апасы.

Бегимай кызынын айтып бергендерин айтып, кызым бакчага жибербегилечи, деп жалынды дейт.

"Тамак ичкенден кийин тарбиячы кетип калды, анын ордуна бизди Динара эже карап калган (бакчанын бухгалтери), ал мени уктайсың деп кыйнай баштады. Мага тапшырмаларды бериңиз, десем: сен эмне өзгөчөсүңбү! деп кыйкырды. Суу сурасам да бербей койду. Туалетке барып суу ичейин десем, анын жини келди. Андан кийин бакчанын заведующийи шприц алып келип, мени коркута баштады. Жаныбызда няня да бар болчу. Уктабасам ийне саябыз дешти. Улам-улам ийне менен колума сайышты", - деп Бегимайдын кызы айтып берген.

Ош шаарынын ИИБси жергиликтүү тургундар беш жаштагы кызын сабады деп, бала бакчанын кызматкерлерине карата чара көрүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазып кайрылганын Kaktus.media'га билдиришти.

Бул факт КЖБРге катталып, тергөө иштери башталды. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1363