"Ойноп жатканда какап кеткен". Дарыгерлер 2 жашар баланын өпкөсүнөн таш алышты
RU

"Ойноп жатканда какап кеткен". Дарыгерлер 2 жашар баланын өпкөсүнөн таш алышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 2 жашар бала таш жутуп алган. Бул тууралуу №3 балдар ооруканасынан Kaktus.kg сайтына ырасташты.

Маалым болгондой, баланын ата-энеси ооруканага 25-июлда кайрылган.

"Саат 16:30да 2 жаштагы баланы ооруканага алып келишти. Ата-энесинин айтымында, баласы ойноп жатып какап кеткен. Андан кийин ооруканага алып жөнөшкөн. Дарыгерлер рентгенге тартканда өпкөсүндө бир зат бар экени аныкталган. Наркоз менен баланын өпкөсүндөгү таш алынды. Учурда абалы жакшы, ооруканада жатат", - дешти ооруканадан.

Буга чейин 7 айлык наристе алмага какап, ушул эле оорукананын дарыгерлери анын өмүрүн сактап калышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13647