Чек арадан мал айдап өтүүгө аракет кылгандар аскерлерге каршылык көрсөтүштү. Видео
RU

Чек арадан мал айдап өтүүгө аракет кылгандар аскерлерге каршылык көрсөтүштү. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы тактала элек мамлекеттик чек ара тилкесинде малды мыйзамсыз алып өтүү фактысы катталды. Чек арачылар тарабынан мамлекеттик чек араны бузгандарды кармоо аракети көрүлгөн, бирок топ адамдар аларга каршылык көрсөтүшкөн дешет УКМКдан.

Маалым болгондой, 24-июлда мыйзамдуу талапка баш ийбегендиктен чек арачылар эскертүү иретинде асманга ок чыгарышкан. Ошого карабай аткезчилер чек ара өкүлдөрүнө агрессиясын көрсөтүшүп, кол салууга аракет кылышкан.

Бул факты боюнча 231-берененин 1-бөлүгү ("Экономикалык контрабанда"), 378-берененин 2-бөлүгү ("Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү"), 374-берененин 2-бөлүгү ("Бийлик өкүлүн коркутуу же зомбулук көрсөтүү") менен иш козголгон.

Териштирүүнүн жүрүшүндө 5 адам кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13649