Билим берүү министрлиги окуучулардын формасы кандай болушу керектигин эскертти
RU

Билим берүү министрлиги окуучулардын формасы кандай болушу керектигин эскертти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү жана илим министрлиги 1-11-класстардын окуучуларынын мектеп формасына бирдиктүү талаптар бекитилгенин кабарлайт.

Ага ылайык, жалпы билим берүү уюмдарында мектеп формасы классикалык стилге дал келиши керек.

Билим берүү уюмдарында спорттук кийимди жана бут кийимди, жынсы кийимди, пляждагы, үйдөгү кийимди жана бут кийимди кийип жүрүүгө жол берилбейт.

Эркек балдар, өспүрүмдөр үчүн мектеп формасы төмөнкүдөй болушу керек:

  • Ар кандай айкалыштагы көйнөк, жилет, шым жана пиджак. Пиджак, жилет жана шым бир түстүү кездемеден (кара, боз, көк жана кочкул кызыл) классикалык стилде тигилет.

Кыздар үчүн мектеп формасы төмөнкүдөй кийимдердин топтомунан турат:

  • Классикалык стилде тигилген ар кандай айкалыштагы блузка, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук, пиджак. Пиджак, көйнөк жана шым бир түстүү же чакмак кездемеден (кара, боз, көк жана кочкул кызыл) тигилет.

Окуучулардын мектеп формасында жалпы билим берүү уюмунун, класстын айырмалоочу белгилери: эмблема, төш белги, сайма жана башкалар болушу мүмкүн.

Форма аба ырайына жана сабактар өтүүчү бөлмөлөрдөгү температуралык режимге ылайык болууга тийиш.

Социалдык жактан аярлуу катмардагы ата-энелерди мектеп тарабынан белгиленген форманы алууга мажбурлоо мыйзамсыз. Алар окуучуну талап кылынган "үстү ак, асты кара түстөгү" форма менен камсыздаса болот.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13654