Жапаров менен Ташиевге ишенгендердин саны төмөндөгөнүн сурамжылоо көрсөттү
RU

Жапаров менен Ташиевге ишенгендердин саны төмөндөгөнүн сурамжылоо көрсөттү

Все самое интересное в Telegram

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин эл арасындагы рейтинги акыркы эки жылда бир топ төмөндөдү. Бул тууралуу республикалык Эл аралык институттун (IRI) сурамжылоосунда айтылат.

IRI 5-майдан 25-майга чейин социалдык сурамжылоо жүргүзгөн. Ага бардык аймактардан 1,5 миңдей кыргызстандык катышты.

Сурамжылоонун жыйынтыгына караганда, акыркы жарым жылда саясатчыларга болгон ишеним өзгөрдү. Былтыр президент Садыр Жапаровго респонденттердин 38% ишеним көрсөтсө, азыр ага 35% гана ишенет. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге болгон ишеним да төмөндөгөн. Ал эми Адахан Мадумаровго болгон ишеним – 10%дан 6%га төмөндөптүр.

Ал эми депутат Нуржигит Кадырбековго коомчулукта колдоо күчөгөн. Былтыр ага респонденттердин 11% ишенсе, азыр 13%. Ошондой эле респонденттердин Эрулан Кокулов менен Алмазбек Атамбаевге берилгендиги жогрулаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13656