"Альянс Алтын" өлкөнүн казынасына 12,2 млрд сом салык төлөдү
RU

"Альянс Алтын" өлкөнүн казынасына 12,2 млрд сом салык төлөдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Альянс Алтын" ЖЧКсы алтын кен фабрикасы ишке киргенден бери 2023-жылдын июль айына чейин Кыргызстандын бюджетине салык түрүндө 12,2 миллиард сом төлөдү. Анын ичинде алтынды сатуудан түшкөн каражат 8,3 млрд сом.

Учурда "Альянс Алтын" ишканасында 839 кызматкер эмгектенет. Анын ичинен 815и Кыргыз Республикасынын жарандары. Аталган компания Талас облусу боюнча 361 тургунду тоо иштери боюнча окуудан өткөрүп, анын 221и Жерүй кенине ишке орношкон.

Талас алтын кен комбинатынын өндүрүштүк керектөөлөрүнө жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн ушул айда Кыргыз Республикасынын бюджетине 4,3 млн сом төлөндү. Рекультивациялык фондго жалпы төлөмдөр бүгүнкү күндө 45 млн сомду, жер үстүндөгү сууларды пайдалануу үчүн 53,5 млн сомду түзөт.

Июнь айында Талас мергенчилер жана балыкчылар коому менен биргеликте биотехникалык иштердин алкагында Мал-Кара капчыгайындагы лицензияланган аянтта жайылган үй жандыктары үчүн 400 килограмм таш тузу ташылган. Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын Таластагы ооруларды алдын алуу борбору тарабынан Жерүйдүн өндүрүштүк аймагындагы 18 точкадан ичүүчү суунун үлгүлөрү алынды. Текшерүүдө Талас алтын кен комбинатындагы суунун сапаты санитардык-гигиеналык талаптарга шайкеш келери аныкталды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык мониторниг департаменти Талас алтын кен комбинатынын контролдук пункттарында жер үстүндөгү жана саркынды суулардан, чөгүп кеткен минералдардан, абадан жана топурактан үлгүлөрдү алган. Калдык сактоочу жайдагы байкоо скважиналарында суунун бар же жоктугуна пландык текшерүү жүргүзүлүп, жер алдында суу жок экени аныкталды.

Жерүй башкармалыгынын экинчи калдык сактоочу жайынын курулушунун башталды. Буга байланыштуу AA Engineering Group жана "Юнистрой" ЖЧКсынын өкүлдөрү менен биргеликте топурактын катмарынын абалына комиссиялык текшерүү жана тиешелүү жерлерди аэрофотосүрөткө тартуу иштери жүргүзүлүп, аймактын аткаруу схемасы түзүлдү.

Подрядчылар тарабынан Талас алтын кен комбинатынан таштандыларды ташып чыгаруу жана руда ташуучу жолдордо, башка өндүрүш участокторунда чаңды басуу иш-чараларын жүргүзүүгө үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлөт.

"Альянс Алтын" ЖЧКсынын экологдору "Бүлүнгөн жерлерди рекультивациялоо" долбоорун жөнгө салуу, ошондой эле Жерүйдөгү өндүрүштөн жана керектөөдөн чыккан агындыларды жана калдыктарды инвентаризациялоо боюнча тендерди демилгелешти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13658