Иттер сөөгүн кемирип кеткен. Пляждан эркек кишинин жансыз денеси табылды
RU

Иттер сөөгүн кемирип кеткен. Пляждан эркек кишинин жансыз денеси табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Караколдогу көл жээктен алыс эмес жерде эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы маалымдады.

Белгилүү болгондой, 18-июль күнүн саат 10:35тер чамасында милицияга Каракол шаардык пляжынан "Пристань" аймагына жакын жерде эркек кишинин жансыз денеси жатканы тууралуу билдирүү түшкөн.

"Сөөк 2-3 ай жатканы, аны иттер кемирип кеткени аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн маркумдун сөөгү Бишкек шаарына жөнөтүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13659