Депутаттар Ысык-Көлгө казино салуу мыйзам долбоорун колдошту
RU

Депутаттар Ысык-Көлгө казино салуу мыйзам долбоорун колдошту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары Ысык-Көлгө кумар оюндарынын атайын зонасын ачуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышты.

Сунушталган долбоорго ылайык, Тамчы айылында, аэропорттон алыс эмес жерде казино, мейманканалар жана ресторандар жайгашкан зона ачылат. Мыйзамды демилгелеп чыккандардын айтымында, ал аймакка чет өлкөлүк жарандарга гана кирүүгө уруксат берилет. Эгер казиного биздин жаран барып калса, жана акчасын уттурса, казино ага утулуп калган каражатын кайтарып берүүгө милдеттүү болот.

Алардын пикири боюнча мыйзам долбоор региондогу туризмдин өнүгүүсүнө шарт түзөт.

Бирок, бир катар депутаттар мыйзамды талкууга алып жатканда бул долбоор Кыргызстандын жарандарын кумар оюндарынан сактаарына ишенбей турганын айтышкан. Айрымдары мыйзам долбоорду Садыр Жапаров жана Талант Мамытов лобби кылып жатышат деп божомолдошту.

Добуш берген учурда 91 депутат катталып, анын ичинен 68и макул болуп, 23 депутат каршы добуш беришкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1365