Чүйдө баңгилаборатория аныкталды. Видео
RU

Чүйдө баңгилаборатория аныкталды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдө синтетикалык каражаттарды өндүргөн баңгилабораториягааныкталып, үч жаран кармалды. ИИМден кабарлашкандай, лаборатория буга чейин мефедрон менен кармалган жарандардын жашаган жеринде аныкталган.

Белгилесек, июнь айында ИИМдин Баңгизаттарыды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматы, Тергөө кызматы, УКМК жана Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети менен биргеликте Бишкек ШИИББдин атайын операциялар отрядынын кызматкерлеринин жардамы менен Чүй облусунда атайын тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда эл аралык баңги тобунун мүчөлөрүн кармашкан.

Кармалгандар 2003-жылы туулган Д.Н. жана С.Т. болушат. Алардын унаасынын багажында кара түстөгү желим баштыктан болжол менен салмагы 11 кг 750 гр болгон 47 таңгактагы мефедрон табылган. Алар аны белгисиз адамдарга сатууну көздөшкөн.

Мындан тышкары жогоруда жарандар жашаган үйүндө мефедрон психотроптук затын даярдоочу баңги лаборатория табылган. Тинтүү учурунда салмагы 100 граммды түзгөн мефедрон психотроптук заты, жеке коргонуу каражаттары, таразага тартуу жана таңгактоо каражаттары, ошондой эле химиялык реактор, психотроптук заттарды өндүрүү үчүн колдонуу үчүн 2 тоннадан ашык прекурсорлор жана башка буюмдар табылган.

Андан аркы ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Бишкек шаарындагы кичи райондорунун биринде аталган баңгилабораториянын башында турган 1995-жылы туулган А.И. кармалды. Ал өндүрүш процессин башкарып, мобилдик мессенджер аркылуу чет элдик кураторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, каржы эсебин чыгарып турган. Жогорудагы жаран бир жуманын ичинде баңгилаборатория 40 кг чейин психотроптук каражатты өндүрүп турганын айткан.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жогоруда аталган адамдар Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында баңгизаттардын аз өлчөмдөгү партиясы бар кыстармаларды жашыруун жерлерге бекитип кетүү менен алектенгендиги аныкталган.

Белгилей кетсек, баңгилабораторияны каржыло криптовалюталар аркылуу ишке ашып келген. Узакка созулган атайын операциянын жүрүшүндө 30 кг ашык психотроптук каражат жана 2 тоннадан ашык прекурсор табылып алынган. Кылмыштуу топтун мыйзамсыз кирешеси 165 миллион сомду (1 млн 875 миң долларын) түзүшү мүмкүн.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13664