Депутат базардагы соодагерлерден акча талап кылганга шектелип кармалды. Видео
RU

Депутат базардагы соодагерлерден акча талап кылганга шектелип кармалды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги базарлардын бириндеги соодагерлерден акча талап кылганга шектелип айылдык кеңештин депутаты кармалды. Бул туурасында Октябрь РИИБден редакцияга кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, 14-июлда Октябрь РИИБге К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 2023-жылдын январь айынан баштап борбордогу базарлардын бириндеги "Мясной" бөлүмүнүн башчысы болом деп өзүн тааныштырып, соода орундарынан ажыратам деп коркутуп, сатуучулардан түшкөн акчанын бир пайызын опузалаган белгисиз адамга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Аталган факты боюнча 208-берене ("Опузалоо") менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралардын жүрүшүндө 1987-жылы туулган А.А. аттуу жаран акча каражатын алып жатканда колго түшүрүлдү.

Кармалган жаран Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айылдык кеңешинин учурдагы депутаты экендиги аныкталды. Ал тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу изоляторуна киргизилди.

Шектүү адамдын жашаган жерин тинтүү учурунда уруксат берүүчү документтери жок, такталбаган үлгүдөгү курал-жарактар жана акча каражаттары табылды. Бул боюнча бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды.

Эгерде жогорудагы жарандан жабыркагандар же кандайдыр бир маалыматка ээ болгондор төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт: Байланыш номери: 0(500) 151 111 же 102.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13666