Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралды
RU

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28-июлда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралды. УКМКнын Чек ара кызматынан маалымдашкандай, буга көзөмөл-өткөрүү жайларындагы мүчүлүштүк себеп болгон.

27-июлда саат 22:50дөн баштап "Ак-Тилек-автожол", "Чоң-Капка-автожол", "Чалдыбар-автожол", "Ак-Жол-автожол" көзөмөл-өткөрүү жайларында белгисиз себептерден улам Мамлекеттик салык кызматынын "Жыйынды посту" автоматттык маалыматтык тутумунун ишинде мүчүлүштүктөр катталган.

Белгилесек, ЕАЭБдин мүчөлөрү болгон өлкөлөрдөн республиканын аймагына киргизилчү товарларды эсепке алуу үчүн Мамлекеттик салык кызматы "Жыйынды пост" автоматтык маалыматтык система колдонулат.

Аталган системдин ишинде мүчүлүштүктөр болгондугуна байланыштуу Казакстандын аймагында Кыргызстанга кирүү тарапта жүк ташуучу транспорт каражаттарынын топтолуусу катталды. Абалга байланыштуу айдоочулар жана жүк ташуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ал эми Чек ара кызматынын Тышкы миграцияны эсепке алуу бирдиктүү тутуму штаттык режимде иштеп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13687