Куткаруучулар Жеңиш чокусун багындырууга чыккан альпинисттерди издөө иштерин баштады
RU

Куткаруучулар Жеңиш чокусун багындырууга чыккан альпинисттерди издөө иштерин баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жеңиш чокусуна чыккан альпинисттер тобун издөөгө куткаруучулар тартылды. ӨКМдан кабарлашкандай, 4 альпинистти издөө үчүн "Эдельвейс" тоодон куткаруу кошуунунун 7 куткаруучусу жана министрликтин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 16 куткаруучу тартылды.

Издөө ишин жүргүзүү боюнча расмий кайрылуу 27-июль күнү Россия Федерациясынын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министрлигинен келип түшкөн.

Маалыматка ылайык, Д.П., С.П., Н.Д. аттуу альпинисттер Россия Федерациясынын жарандары, төртүнчүсү Литва өлкөсүнүн жараны.

Алар Кыргызстандагы "Аксай-Тревел" туристтик компаниясы менен келишим түзүп, камсыздандыруу менен 11-июль күнү Ысык-Көл облусундагы лагерге жайгашкан. Ошол эле күнү алар Жеңиш чокусуна жол тартышып, 19-июль күнү акыркы жолу 6900 метр бийиктиктен байланышка чыгышкан. 24-июль күнү спутник байланышы аркылуу туристтерге жардам керектигин билдирген координат келип түшкөн.

Алынган координаттын негизинде "Аксай-Тревел" компаниясы 24-26-июль күндөрү ижарага алган тик учак менен издөө ишин жүргүзүп, бирок ал жыйынтык берген эмес.

Ал эми ӨКМнын куткаруучулары чокууга чыгууда кар көчкү түшүү коркунучун жана башка кооптуу шарттарды эске алып, эрежелерди тыкыр сактоо менен издөө ишин жүгүзүшөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13699