Дүйнө чемпионатында коло байге уткан Мунарбек Сейитбек уулуна президент батир тартуулады
RU

Дүйнө чемпионатында коло байге уткан Мунарбек Сейитбек уулуна президент батир тартуулады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Ош шаарына жана Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында профессионалдык боксчу жана 2023-жылы бокс боюнча дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулу менен жолугушту.

Мамлекет башчы мушкердин аты үлгү болуп каларын белгиледи.

"Кыргызстандын эгемендүү тарыхына бокс боюнча дүйнө чемпионатынын байгесинин ээси катары биринчи болуп кирдиң. Сен жаш мушкерлердин келечекте медалдарга жетишсе болот деген ишенимин бекемдедиң. Дагы бир жолу алтындан кем калбаган сыйлык менен куттуктайм.

Сенин жеңишиң сага атак-даңк алып келди, бирок аны менен бирге мекен алдында чоң жоопкерчиликти жүктөдү: азыр сенин атың көптөгөн жаш мушкерлерге үлгү болуп калды. Сен аларга өрнөк жана стимул болушуң керек. Ошондуктан катуу машыгууну улантып, андан да чоң жеңиштерге жетиш. Ата-энең, машыктыруучуларың жана бүтүндөй кыргыз элиң сени колдоп жатышат", - деди Жапаров.

Андан кийин мамлекет башчы Мунарбек Сейитбек уулуна Ош шаарындагы эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

*****

Мунарбек Сейитбек уулу 1996-жылы Ош шаарында туулган. Ал сегиз жашынан баштап бокс менен машыгып, 2017-жылдан бери Кыргыз Республикасынын бокс боюнча курама командасынын мүчөсү.

Мунарбек Сейитбек уулу эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Дүйнө чемпионатынын медалын жеңип алды. Бокс боюнча дүйнөлүк биринчилик 2023-жылдын 1-14-майында Ташкент шаарында өткөн.

Кыргызстандык спортчу 57 килограммга чейинки салмак категориясында 1/32 финалдык баскычтан баштап, Пуэрто-Рико, Таиланд, Мексика жана Тажикстандын спортчуларын катары менен утуп, төрт жеңишке жетишкен.

Ал жарым финалда Өзбекстандын спортчусу менен беттешкен. Мунарбек Сейитбек уулу андан жеңилип, коло медалдын ээси болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13701