Кыргызстандагы туристтер үчүн санарип сервис иштей баштады
RU

Кыргызстандагы туристтер үчүн санарип сервис иштей баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда туристтер үчүн дагы бир санарип сервис ишке киргизилди. Бул тууралуу маалымат жыйынында санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева билдирди.

Анын айтымында, эми туристтер Калкты каттоо департаментинин сайтынан каттоодон өтө алышат.

"Бул үчүн кабыл алуучу тарап сиздин жеке кабинетиңизге кириши керек, ал үчүн өздүгүн тастыктоочу документтердин маалыматтары, ошондой эле турак жайга менчик укугун тастыктаган документтер жетиштүү.

Андан кийин, "чет өлкөлүк жаранды каттоо" бөлүмүндө, ким катталып жаткандыгы жөнүндө керектүү маалыматты көрсөтүңүз. Веб камераны колдонуу менен туристтин сүрөтүн да тартышыңыз керек болот. Ал эми чет өлкөлүк жарандын Face-ID сүрөтү Кыргыз Республикасынын кире беришиндеги сүрөткө дал келсе, каттоону улантууга болот.

Тастыкталгандан кийин 24 сааттын ичинде 120 сом өлчөмүндө мамлекеттик алым төлөө коду түзүлөт", - деди ал.

Министрдин орун басары сайтты колдонууга оңой, ар бир кадамы так жазылганын, кабыл алуучу мамлекет чет элдикти оңой эле каттоого алаарын белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13704