Ошто жол кайгуул кызматкерлери митингге чыгышты
RU

Ошто жол кайгуул кызматкерлери митингге чыгышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жол кыймылынын коопсуздугу көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын (кайгуул кызматы) Ош шаарындагы бөлүмүндө өздүк курам менен жаңы жетекчиликтин ортосунда чыр чыкты. Бүгүн, 28-июлда нааразы болгон 70ке жакын кызматкер акимчиликтин алдына чогулушту. Т-Медиа телеканалы жолугушуудан түз алып көрсөттү.

Кызматкерлер эки ай мурун жаңы жетекчи дайындалганын айтышты. Жаңы жетекчилик сааттарды жана иш жүктөмдөрүн көбөйтүп, мыйзам сегиз саатты талап кылган учурда 12 сааттык график менен иштетип жатат дешет алар. Алар ошондой эле жетекчилик тарабынан эреже бузгандардын унаалары айып короосунан мыйзамсыз чыгарылып жатканын белгилешүүдө. Дагы бир көйгөй оору маалымдамасы жана эмгек өргүүсүнө байланыштуу. Чогулгандар мыйзам боюнча эмгек өргүүсүнө чыгуунун мөөнөтү бүтүп калганына карабай, айрым кызматкерлер эмгек өргүүсүнө чыга албай турганын белгилешүүдө. Мына ушундай шарттардан улам 20га жакын кызматкер жумуштан кеткен.

Кызматкерлердин арыздары боюнча комиссия түзүлгөнү маалымдалган. Бирок алар тергөө объективдүү болорунан күмөн санашат. Алардын айтымында, жаңы жетекчилик Ички иштер министрлигинин башчысы менен байланышы бар экенине шылтап жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13706