Сокулукта белгисиз адамдар жолдо бара жаткан жарандарга кол салышты
RU

Сокулукта белгисиз адамдар жолдо бара жаткан жарандарга кол салышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулук районунда бир нече адам жолдогу жаранды себепсиз урган видео тарады. Маалыматка караганда, окуя Жаңы-Жер айылында болгон.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, окуя 27-июлга караган түнү орун алган. Анда топтолгон адамдар көчөдөгүлөргө кол салып, бир нече жаранды сабап, 2 унааны талкалаган. Жабыркагандар милицияга арыз менен кайрылышкан.

Бул факты Сокулук РИИБи тарабынан катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Анын алкагында кол салганга шектелип 6 адам кармалды. Учурда алар убактылуу кармоочу жайда. Милиция териштирүүнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилерин кабарлады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13712