УКМК: Равшан Жээнбековдун аялы бизнес өкүлүнөн 500 миң доллар алган
RU

УКМК: Равшан Жээнбековдун аялы бизнес өкүлүнөн 500 миң доллар алган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева менен "Инфосистема" ишканасынын кызматкелери мамлекетке келтирген зыяндын ордун толуктады. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Коопсуздук органдары Бишкек шаарындагы кымбат баада бааланган жана кирешелүү жер тилкелерин ижарага берүүгө шарт түзүп берген айрым мамлекеттик кызматкерлерге жана жеке адамдарга карата кылмыш ишин козгогон.

Тергөөнүн алкагында иш боюнча соттолуучулардын иштеген жана жашаган жерлеринде тинтүүлөрдү камтыган комплекстүү ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Анда Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева жеке бизнестин өкүлдөрүнүн ишенимине кирип, мамлекеттик органдарда байланышы бар экендигин айтып, кыймылсыз мүлктү ижарага берүү боюнча аукциондо жеңишти камсыздап берерин, бул үчүн 500 миң доллар алгандыгы аныкталды.

Алимбаева Финансы министрлигине караштуу "Инфосистема" мамлекеттик ишканасында болгон байланыштары аркылуу айрым катышуучулардын аракеттерине бөгөт коюу функциясын мыйзамсыз пайдаланып, Бишкек шаарындагы кымбат баалуу 2 жер тилкесин ижарага берүү боюнча тооруктарда "Электрондук соода платформасы" автоматташтырылган тутумунда көрсөтүлгөн жеке бизнес өкүлдөрүнүн жеңишин камсыз кылган.

Бул факты боюнча Алимбаева менен бирге "Инфосистема" мамлекеттик ишканасы жана бул кылмышка тиешеси бар айрым жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылды.

Тергөөнүн жүрүшүндө көрүлгөн чаралар менен экспертизанын корутундусуна ылайык, баасы 1 464 383 000 сомду түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылып, келтирилген зыяндын орду толугу менен толтурулду.

Бул кылмыш ишин тергөө иштери акыркы стадияда дешет УКМКдан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13718