Трамп жашыруун документтерди үйүндө сактап жүргөнү үчүн камалышы мүмкүн
RU

Трамп жашыруун документтерди үйүндө сактап жүргөнү үчүн камалышы мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп жашыруун документтерди жашаган жеринде сактагандыгы үчүн беш жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости соттун бүтүмүнө таянып жазып чыкты.

Маалыматта прокурорлор саясатчыга үч пункт менен айып тагышканы айтылат. Анын экөө Трамптын Флоридадагы Мар-а-Лаго резиденциясында көзөмөл камерасында жазылган видеолорду жок кылып салуусуна байланыштуу, бири – улуттук коргонууга байланышкан документтерди атайылап кармап туруу. Трамп өзүнүн күнөөсүн моюндаган эмес.

Купуялуулугу боюнча түрдүү деңгээлдеги материалдар салынган кутуларды ФБР агенттери мурдагы президенттин резиденциясынын аймагынан табышкан.

"Прокуратура Трамп президенттик кызматтан кеткенден кийин жашыруун документтерге тиешеси болбогон адамдарга аларды көрсөткөн эки учурду билерин айтууда. 2021-жылдын июль айында Трамп жазуучу жана өзүнүн аппаратындагы эки киши менен жолугушууда "мен үчүн Коргоо министрлиги иштеп чыккан чабуулдук план" деген документти көрсөткөн. Жолугушуудагылардын биринин да купуя документтерди көрүүгө эч кандай катышы да, тиешеси да болгон эмес. Ошол эле жылдын август айында саясатчы аскердик операцияларга тиешелүү жабык делген картаны көрсөткөн", - деп жазылат маалыматта.

Муну Трамп ачылган кылмыш иштерди 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого баруусуна бут тосуу деп сыпаттады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13722