Ысык-Көлдө желим баштыктарды колдонууга тыюу салынган эреженин сакталышы текшерилди
RU

Ысык-Көлдө желим баштыктарды колдонууга тыюу салынган эреженин сакталышы текшерилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө желим баштыктарды колдонууга тыюу салынган эреженин сакталышы боюнча текшерүү жүрдү. Бул туурасында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен кабарлашты.

Маалым болгондой, президенттин жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Бостери айылы, Бактуу-Долоноту жана Чолпон-Ата шаарындагы бир нече дүкөндөрдө текшерүү жүргүзүлдү. Анда көпчүлүк соодагерлер желим баштыктарды колдонбой анын ордуна кагаз баштыктарды жана дүкөндөрдүн бренддери менен эко баштыктарды колдонуп жатканы аныкталды. Атайын баштыктардын баалары ар кандай - 25 сомдон башталат.

Сатып алуучулар Ысык-Көлдүн экологиясын жана тазалыгын сактоонун маанилүүлүгүн түшүнүп, өздөрүнүн пакеттерин алып келишүүдɵ. Жергиликтүү калк жана туристтер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү улантылат дешет министрликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13736