Англияда кыргыздар иштеген чарбалар кандай? Сүрөттөр
RU

Англияда кыргыздар иштеген чарбалар кандай? Сүрөттөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

28-июлда Кыргыз Республикасынын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугундагы элчиси Улан Джусупов жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Ник Боулер биргелешип Англиянын түштүгүндөгү биздин өлкөнүн жарандары иштеген бир катар чарбаларда болушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Элчилер Кыргызстандын жарандарынын иштөө жана жашоо шарттары, коопсуздук эрежелеринин сакталышы менен таанышып, түшүм жыйноо жана сорттоо жерлерин көрүп чыгышты.

Мындан тышкары эки өлкөнүн элчилери чарбалардын ээлери жана Британиянын оператору менен жолугушууларды өткөрүштү. Кыргыз Республикасынын Элчиси Кыргыз Республикасы менен Улуу Британиянын чарбаларынын ортосундагы кызматташтыкты түзүү боюнча долбоорду ишке ашырууну, анын ичинде айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү, өндүрүштү уюштуруу, сактоо, сорттоо жана таңгактоо боюнча британдык тажрыйбаны мүмкүн киргизүүнү сунуштады. Британ тарап бул сунушту К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук-агрардык университетинин бир катар студенттери үчүн айыл чарба практикасын уюштуруу менен бир убакта кароого даяр экендигин билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13747