"Төө-Ашуудагы" тоннелге асфальт төшөө иштери мөөнөтүнөн мурда аяктады
RU

"Төө-Ашуудагы" тоннелге асфальт төшөө иштери мөөнөтүнөн мурда аяктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Төө-Ашуудагы" тоннелге асфальт төшөө иштери мөөнөтүнөн мурда аяктады. Эми жол сызыктары чийилген соң чектөөлөр алынат дейт транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев.

"Чектөөлөр болжол менен 2-август күнү кечки саат 16:00дөн кийин алынат, азырынча мурдагы графикти кармап турабыз. Буга чейин айтылган 6-августка жеткирбей жол толугу менен ачылат", - деди министр.

Бүгүн, 1-августта дренаж казылган жердин ордуна, ошондой эле кошумча айрым жерлерге асфальт басылат.

Тоннель кызматына айлана-чөйрөнү, тоннелдин кире бериш жерлерин көрктөндүрүү боюнча тапшырма берилген. Жакынкы күндөрү иштер башталат, ал учурда унаалар үчүн эч кандай чектөөлөр болбойт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13749