Нөшөрлөгөн жаан-чачындан улам Түптө сел жүрдү. Видео
RU

Нөшөрлөгөн жаан-чачындан улам Түптө сел жүрдү. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Балбай айылында нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел жүрүп, унаа жолду суу каптады. Бул туурасунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 31-июлда кечкисин Түп районундагы Балбай айылында унаа жолдо сел жүрүп, суу каптап калган. Мындан улам айдоочулар өтө албай тыгын жаралган. Жерине облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тартылып, тыгынды жоюшту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13750