Кытай офтальмологдору Бишкекте көзгө операцияларды жасашат. Бейтаптарды каттоонун графиги
RU

Кытай офтальмологдору Бишкекте көзгө операцияларды жасашат. Бейтаптарды каттоонун графиги

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кытайдан келген офтальмологдор катарактаны текшерүү жана операцияларды жасашат. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлап, бейтаптарды каттоо качан башталарын айтты.

2023-жылдын 12-сентябрынан 26-сентябрына чейин Улуттук госпиталда №1 жана №2 көз микрохирургиясы бөлүмдөрүнүн базасында "Экспресс ден соолук – Жаркын саякат" долбоорунун алкагында Кытайдан келген офтальмологдор текшерүүлөрдү жана операцияларды (катаракта диагнозу боюнча 300 операция) жасашат.

Алдын ала текшерүү жана бейтаптарды каттоо:

  • 7-августтан 8-сентябрга чейин Тоголок Молдо көчөсү, 1/7 дареги боюнча (Улуттук госпиталдын мобилдик клиникасы) жүргүзүлөт. Кабыл алуу дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9:00дөн 16:00гө чейин болот.
  • Бейтаптар аты-жөнүн тастыктаган документтерди, маалымкаттарды (пенсия, майыптыгы, баатыр эне тууралуу ж.б. күбөлүгү) алып келиши керек.
  • Байланыш үчүн телефон: 0990800483.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13756