Москвага кайра дрон менен чабуул жасалды
RU

Москвага кайра дрон менен чабуул жасалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

1-августка караган түнү "Москва-ситидеги" "IQ-Квартал" деп аталган көп кабаттуу имаратка учкучсуз учак сокку урду. Бул тууралуу Россиянын расмий маалымат каражаттары жана Телеграм-каналдар жазып чыгышты.

Москва шаарынын мэри Сергей Собянин Телеграм-каналы аркылуу имараттын 21-кабатындагы терезелер талкаланганын жазды.

Жабыркагандар тууралуу маалыматтар жок.

Буга чейин Россиянын Коргоо министрлиги Москванын чет жакасында эки украин учкучсуз учагы атып түшүрүлгөнүн маалымдаган эле.

Эске салсак, 30-июлга караган түнү Москва шаарына учкучсуз учактардан чабуул жасалып, "Москва-сити" бизнес борборунун эки мунарасы жабыр тарткан. Имараттын бир нече кабатынан терезелер күбүлүп түшүп, бир киши жараат алганы кабарланган. Маалыматтарда чабуул эки дрондон болгону айтылат.

Украинанын бийлиги бул чабуулдар боюнча комментарий берген жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13759