"Биз достордой эмеспиз". Алымкадыр Бейшеналиев президентти кайдан тааный турганын айтты
RU

"Биз достордой эмеспиз". Алымкадыр Бейшеналиев президентти кайдан тааный турганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media'нын окурмандары Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев ЖАМК системасында иштеп калгандыктан Садыр Жапаровду тааныйт, деп божомолдошту. Бирок министр бул версияны төгүндөдү. Бейшеналиевдин айтымында, ал бардык президенттер, депутаттар, премьер-министрлер менен тааныш, анткени ал хирург.

"Мен бардыгына операция жасагам. Алардын туугандарына да операция жасагам. Азыр деле депутаттарды жана алардын туугандарын дарылайм. Бүт барын. Ошондуктан өзүмдүн ишиме байланыштуу бардыгы менен эле таанышмын. Бирок достордой эмеспиз, жок. Садыр Жапаров мени адискөй медик катары тааныйт экен. Мени министр кылат деп өзүм да күткөн эмесмин", - деп Бейшеналиев айтып берди.

  • 16-апрелде Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошунду ичип, анын тундурмасын президент Садыр Жапаров экөө бирге кайнатып жатканын маалымдаган.
  • Андан бир күн мурун Садыр Жапаров Өзүнүн социалдык баракчасына, биздин дарыгерлер коронавирусту баштапкы стадиясында дарылай турган ыкмасын тапты, деп жазган.
  • Президент Садыр Жапаровдун аппараты уу коргошундун тундурмасы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынада кайнатылат, деп билдирди.
  • Эксперттер бул өсүмдүктү дарылыкка колдонуу өтө кооптуу, беш мүнөттүн ичинде өлүмгө алып келет, деп айгай сала башташты. Активисттер Саламаттыкты сактоо министрине карата кылмыш ишин козгоп, президентке импичмент жарыялоону сунушташты.
  • Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы бөлүмү Aconítum soongáricum (уу коргошун) тууралуу расмий билдирүүсүн таратып, анда клиникалык изилдөөлөрдөн өтө элек препаратты калк арасында кеңири колдонууга сунуштоо туура эмес, деп жазылган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1375