Тажикстандын кол салуусу. Кыргызстанда каза болгондордун жакындарына жөлөкпул көбөйтүлөт
RU

Тажикстандын кол салуусу. Кыргызстанда каза болгондордун жакындарына жөлөкпул көбөйтүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан 2021-жылдын апрель жана 2022-жылдын сентябрында Тажикстандын куралуу кол салуусунунан улам каза болгондордун жакындарына ай сайын берилүүчү жөлөк пулду көбөйтүүнү көздөп жатат. Эмгек министрлиги министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун коомдук талкууга койду

Белгиленгендей, каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана Тажикстандын кол салуусунда жапа чеккен жарандарга ай сайын кошумча социалдык колдоо көрсөтүлүп турат. Министрлер кабинети жөлөк пулдун көлөмүн 3700 сомдон 5500 сомго көтөрүүнү көздөөдө. Азыр ай сайын жөлөкпул кимдерге берилет?

  • өлгөн адамдардын балдары - алар он сегиз жашка чыкканга чейин;
  • каза болгон адамдардын ата-энелери (атасы, энеси) - пенсия курагына жеткенде, эгерде өлгөн адам жалгыз бала болсо - өмүр бою;
  • ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү деп табылган жабырлануучуларга - майыптыгы аныкталган күндөн тартып медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусунун мөөнөтү аяктаганга чейин.

Мындай жөлөкпулдарды алгандардын аласында 2021-жылдагы чек ара жаңжалында жапа чеккен 60 адам бар. Ал эми 2022-жылдын сентябрь айындагы окуяларга байланыштуу 77 адам жөлөк пул алат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13761