Садыр Жапаровдун жаңы Кыргызстан тууралуу китеби басылып чыкты
RU

Садыр Жапаровдун жаңы Кыргызстан тууралуу китеби басылып чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаровдун "Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты" аттуу китеби жарык көрдү. Бул тууралуу өлкөнүн аймактарындагы китепканалары маалымдап, учурда көргөзмө уюштурулуп жатканын белгилешет.

Китепте Кыргызстандын тарыхы, бүгүнкүсү жана келечеги тууралуу кеңири баяндалып, 4 бөлүмдөн турат.

  • жаңы Кыргызстанды куруу идеясынын пайда болушу;
  • мамлекеттик идеологиянын негизги багыттары;
  • улуттук каада-салттар, өзгөчөлүктөр, үрп-адаттар, маданият, ашкана;
  • корутунду.

Китептин өзүндө жогоруда айтылган темалардан тышкары, өзгөрүү алдында турган Кыргызстандын азыркы дүйнөдөгү ролу жөнүндө да маселе көтөрүлөт.

Китеп кыргыз тилинде 41 миң нуска менен басылып чыккан. Республиканын китепканаларына жөнөтүлгөн.

Китептин редактору Жумадин Кадыров, корректору Салтанат Кыдырмаева.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13763