Белгисиз адамдар Балыкчы - Бишкек каттамындагы поезддин айнектерин талкалашты. Сүрөт
RU

Белгисиз адамдар Балыкчы - Бишкек каттамындагы поезддин айнектерин талкалашты. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дмитриевка - Кант станциясынын участкасында Балыкчы - Бишкек каттамындагы поездин терезелерин белгисиз адамдар талкалап кетишти. Бул туурасында "Кыргыз темир жолу" ишканасынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, 1-августта саат 21:18де Балыкчы-Бишкек каттамындагы №609-поезддин айнектерин белгисиз адамдар катуу нерсе менен урушкан.

"ВИП", "Люкс" вагондорунун, жөнөкөй вагондун 9-купесинин терезелери сынып, башка вагондун жумушчу тарабындагы тамбурдун терезеси талкаланган. "Кыргыз темир жолу" ишканасынын кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында окуя болгон жердеги сынган терезелер убактылуу скотч менен чапталып, поезд сапарын улантты.

"Бирок мындай окуялар олуттуу кесепеттерге алып келип, жүргүнчүлөр, туристтер жана коштоочулар үчүн кооптуу жагдайларды жаратышы мүмкүн. Поезд жолунун боюнда жашаган жергиликтүү тургундардан тартипти жана жоопкерчиликти бекем сактоосун өтүнөбүз. Поезддин жүргүнчүлөрү үчүн кооптуу жагдайларды жаратпоону жана поезд байланышынын бардык коопсуздугун чогуу сактоого чакырабыз", - дешет ишканадан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13767