Бишкекте айдоочу жөө адамды сүзүп кетти
RU

Бишкекте айдоочу жөө адамды сүзүп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте айдоочу жөө адамды сүзүп кетти. Жабырлануучу жеринде каза болгонун Бишкек шаардык Кайгуул кызмат башкармалыгынан билдиришти.

Такталгандай, кырсык бүгүн, 2-августта саат 06:30да Анкара менен Виноградный көчөлөрүнүн кесилишинде катталды. Анда Honda Fit унаасынын айдоочусу 63 жаштагы К.Н. аттуу жаранды сүзүп кетти.

Рулда 19 жаштагы А.М. аттуу Сокулук районунун тургуну болгон. Экспертизанын жыйынтыгы айдоочу мас эместигин көрсөттү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13768